Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

АКШ: Гингрич президенттик жарыштан чыкты


АКШ президенттигине Республика партиясынан талапкерлигин көрсөтүп жаткан Ньют Гингрич жарыштан чыккан себебин шайлоо алдындагы күч сыноодо өлкөнүн түндүк-чыгышындагы 5 штаттан утулуп калганы менен түшүндүрдү. Ал праймеризде болгону Түштүк Каролина жана Жоржия штатында гана жеңишти камсыз алды. Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Гингрич талапкерлигин алып жатып “АКШнын тарыхындагы эң радикалдуу солчул президент” деп эсептеген Барак Обаманын кайрадан президент болуп шайланышына жол бербешибиз керек деди.

Гингрич жарыштан чыккан соң Республика партиясынын негизги талапкери болгон Митт Ромнинин бир гана атаандашы калды. Ал - конгрессмен Рон Пол.

XS
SM
MD
LG