Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Токмокто жаңы мэр шайланды


Токмок шаарынын жаңы мэри болуп Анвар Оморканов шайланды. “Республика” партиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээки шайлоодо эки талапкердин ичинен Оморкановду шаардык кеңештин көпчүлүк депутаты колдоду. 28-апрелдеги биринчи шайлоодо шаардык кеңештин депутаттары толук келбегине байланыштуу мэр аныкталбай калган. 4-мартта Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуштардын көпчүлүгү “Республика” партиясына тийген болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG