Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Кытайлык диссидент Чэн АКШга кетүүнү каалайт


Кытайлык диссидент Чэн Гуанчен Кошмо Штаттарда баш пааналоону кааларын билдирди. АКШ администрациясынын жооптуу өкүлү Вашингтон ага жардам берүүгө даяр деди. Кечээ азиз диссидент Американын Бээжиндеги элчилигинен чыгып, ооруканага жаткырылган. Анын алдында Кытай бийлиги тарабынан ага бир катар кеплдиктер берилген.

Өкмөттүн демографиялык саясатын сындагандыгы үчүн үй камагында отурган Чэн 22-апрелден бери АКШнын элчилигинде жашырынып жүргөн. Ажанс Франс Пресске интервьюсунда ал адегенде АКШга кеткиси келбегенин, бирок элчиликтен чыккандан кийин үй-бүлөсүнүн, жеке өзүнүн өмүрү үчүн корко баштаганын айтты.

Элчи Гари Лоуктун айтымында, Чэнге дипмиссиянын имаратынан чыгып кетсин деген кысым жасалган эмес. Диссиденттин иши АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун Бээжинде Кытайдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрүнө көлөкө түшүргөнсүдү.

XS
SM
MD
LG