Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:07

Дизелдик отундун баасы дагы көтөрүлдү


"Нефтетрейделер" ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, майдан тарта Кыргызстанда дизелдик отундун баасы түндүк облустарда 50 тыйынга, түштүк аймакта 80 тыйынга кымбаттады. Буга адаттагыдай эле Орусиядагы дизелдик отундун тартыштыгы жана мунай заводдорунун күйүүчү майды кымбат сатып жатканы себеп болууда. Ушул тапта дизелдик отун түндүк облустарда 39 сом 50 тыйын, түштүктө 40 сом 80 тыйынды түзүүдө. Орусиянын заводдору дизелдик отундун бир тоннасын 845 доллардан сатып жатышат. Жыл башында бул сан 710 доллар болчу. Жумакадыр Акенеевдин билдиришинче, бензиндин баасында өзгөрүү болгон жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG