Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Пан Ги Мун журналисттердин өлүмүнө тынчсыздануу билдирди


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүнө арналган жыйында сөз сүйлөп, соңку кезде кесиптик ишмердигине байланыштуу өлтүрүлгөн журналисттердин саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, өткөн бир жыл ичинде эле 60 журналист кол салуунун айынан набыт болду.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери дүйнөдө 22 кабарчы жана 6 блогчу киши колдуу каза тапты. 280 журналист жана блогчу түрмөгө кесилди.

Кечээ БУУнун Башкы ассамблеясында кесиптик милдетин аткарып жүрүп набыт болгон журналисттерге бир мүнөттүк аза күтүлдү.

XS
SM
MD
LG