Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Кыргыз-казак “Ак тилек” өтмө бекети качан ачылары белгисиз


Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстан өз тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” өтмө бекетин качан ачары тууралуу маалыматты расмий бере элек. Кыргызстан бардык техникалык түзүмдү жаңыртып, аталган өтмө бекетти ачууга даяр турат. Адашпасов казак тарап Ысык-Көлдөгү "Каркыра" өтмө бекетин ачууну караштырып, ал эми Таластагы "Кичи-Капка" бекети боюнча маселе дагы эле талкууланып жатканын кошумчалады.

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине кыргыз-казак “Кара-Суу-Ак-Тилек” өтмө бекети 7-майда ачыларын билдирген. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин 10-майда Казакстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында чек ара маселелери да козголору айтылууда.

Расмий Астана 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин кыргыз тараптагы чек арасын жаап, алты өтмө бекетин бекитип алган. Азыр Чүйдөгү “Ак жол” менен “Чалдабар” бекеттери гана ачык турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG