Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Абактагы башаламандык себептери сотто каралат


Жыл башында орун алган абактардагы башаламандык боюнча сот процесси 10-майда башталат. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеанора Шаршеналиеванын “Азаттыкка” тастыкташынча, ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кароодо.

2012-жылдын башында ошол кездеги түрмө башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин жана абактардагы абалдын оңдолушун талап кылып, ири нааразылык акциялар өткөн. Түрмөлөрдө жүздөгөн адамдар тамактан баш тартып, ооздорун төөнөп алышкан. Муну кылмыш топтор менен байланыштырган жоромол айтылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG