Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Еврибиримдиктин делегациясы Борбор Азияда регионалдык интеграцияны белгиледи


Тажикстанда болгон Еврибиримдиктин делегациясы Борбор Азиядагы регионалдык интеграцияга көңүл бурууну белгиледи. Белгиянын тышкы иштер министри жетектеген делегация Дүйшөмбү шаарында регионалдык маселелерди талкуулады. Делегация башчысы министр Рейндерс президент Рахмон менен жолуккандан кийин буларды айтты:


- Биз Тажикстандын анын коңшулары менен алакаларын талкууладык. Президент Рахмондун Орусия, Иран, Өзбекстан, Кытай, Пакистан жана Түркмөнстан менен байланыштары тууралуу айткандарын угуу бизге абдан кызык болду. Эми Белгия менен жогорудагы өлкөлөрдүн ортосунда эки тараптуу кызыктуу сүйлөшүүлөргө даярдануу турат.

Апрел айынын башында Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү эки аптага токтотуп, андан тажик экономикасы катуу запкы жеди.

Жолугушууда Эмомали Рахмон 2013-жылдын ноябрында өтчү президенттик шайлоого эл аралык байкоочулардын катышуусун да козгоп өттү.

XS
SM
MD
LG