Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

6-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

4-6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы

6-майда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен жана Жалал-Абаддын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26, Талас облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25, Баткенде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градус болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26, Ысык-Көлдө түнкүсүн +5...+10 градус, күндүз +15...+20, Нарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+16. Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 1..+4 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 22...24 градус болот. (BkA)

XS
SM
MD
LG