Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Ошто "Журналисттер" аллеясы ачылды


Эл аралык сөз эркиндигинин күнүнө карата Ош Улуттук драма театрынын жанында "Журналисттер" аллеясы ачылды. Аземге шаардагы ардагер жана жаш журналисттер катышты. 80 түп арчанын көчөтү отургузулуп, отургучтар жайгаштырылды.

"Бул журналисттердин биримдигине салым кошот, алардын башын бириктире турган жай болуп калат", - деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, журналист Жыпар Акунова.

Долбоор Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциясынын (IFEX) колдоосунда "Журналисттер" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG