Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Ереванда жараат алгандардын саны 140тан ашты


Ереванда парламенттик шайлоонун алдында бийликтеги Республикалык партия уюштурган митингде газ толтурулган шарлар жарылып, 140тан ашык киши жараат алды. Армян прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Азыр бир нече версия каралууда. Полиция шарлар тамекиден күйө баштаган болушу мүмкүн деп болжолдойт. Теракт мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылууда. Акцияга партиянын лидери, президент Серж Саркисян да катышып, кырсыкка карабай сөз сүйлөгөн. Ал бүгүн ооруканаларда жарадар болгондордун абалы менен таанышып чыкты. Парламенттик шайлоо эртең болот.

XS
SM
MD
LG