Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Кара-Кулжада улуттук күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө


Кыргыз ССР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмери, Улуу Ата Мекендик согуштун, НКВД ардагери Маматса Таировдун жаркын элесине арналып, бул күндөрү Кара-Кулжанын Тоготой айылында улуттук күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Замир Божонов "Азаттыкка" маалымдады.
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан балбандар катышууда. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө медалдар, дипломдор, акчалай сыйлыктар уюштуруу тобу тарабынан тапшырылат. Мындай күрөш боюнча мелдештер аталган айылда быйыл 3-жолу уюштурулууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG