Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Балбан Арсен Эралиев Лондонго жолдомо алды


Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Арсен Эралиев 2-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алды. Ал буга чейин германиялык балбан Зайдоф Цейхунду, армениялык Роман Амаянды жеңип, жарым финалда румын Монтуни Вергелди уткан. Финалда украиналык Вигар Рагумовго утулуп, күмуш медалга ээ болгон. Лондон олимпиадасына биринчи жана экинчи орунду алган жеңүүчүлөргө жолдомо берилет, ошол себептүү Эралиев олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турганы анык болду.

Ал эми Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло медал ээлери Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев Лондон олимпиадасына жолдомо алуучу үч мелдеште тең коло медал алып, жолдомо албай калышты. Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү мелдеште эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык 12 балбан мөөрөй талашкан. Жалпысынан Кыргызстан Лондон олимпиадасы үчүн 9 жолдомо алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG