Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

АКШ Мамкатчысы Бангладеште болду


Бангладештеги сапарын аяктап жатып, АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Америка исламга адилет мамиле кылбайт деген ырастоолор аны камтама кылаарын билдирди. "Кимдир бирөөлөрдө ошондой ой пайда болсо же андай көз карашты жайылтса, бул - абдан өкүнүчтүү", - деди Клинтон.

Мамкатчынын айтымында, 10 жылдан бери АКШ өзүн коргоо максатында Исламды бурмалаган экстремисттерге каршы согушуп келатат.

Жарандык активисттер менен жолугушууда Клинтон жакырларга микрокредит берген банкты ачып, Нобел сыйлыгына татыган Мухамад Юнуска колдоосун билдирди. Өткөн жылы ал өкмөттүн кыйыр көрсөтмөсү менен банк башчылыгынан алынган. Вашингтондун өкүлү банк миллиондогон жакыр аялдар үчүн иштегенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG