Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Москвада Удальцов, Немцов, Навальныйды полиция кармап кетти


Москвада Болотная аянтында оппозициянын митинги боло турган жерде демонстранттар менен полиция кагылыша кетти. "Азаттыктын" Орус кызматынын кабарчылары жеринен маалымдашкандай, Сергей Удальцов баш болгон айрым оппозиционерлер көпүрөнүн жанына отуруп алып, нааразылыгын билдиришти. Аларга башкалар да кошулууда. Себеби бийлик көпүрөнү жаап, демонстранттарды ал жерге өткөрбөөнү чечкен.

"Солчул фронттун" координатору Удальцовдун айтымында, нааразылык алардын үч талабы аткарылмайынча улана берет. Оппозиция федералдык ТВ каналда эфир берилишин, Владимир Путиндин инаугурциясын өткөрбөө, президенттик жана парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылууда.

Сергей Удальцов менен Борис Немцов, Алексей Навальныйды полиция кармап кеткени кабарланууда. Москвада оппозициянын "Миллиондор маршына" миңдеген киши чогулганы буга чейин айтылган.

XS
SM
MD
LG