Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

“Манас” үчилтиги толугу менен өзбекчеге которулду


“Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” чыгармалары толугу менен өзбек тилине которулду. Бул тууралуу оштук акын Малика Камил кызы “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин ал Мар Байжиевдин “Манас жөнүндөгү дастанын” өзбекчелеген болчу.

“Семетей” жана “Сейтек” дастандарын да Байжиевдин варианты менен котордум. Эми аны китеп кылып басууга аракет кылам ,- дейт котормочу.

Малика Камил кызы которгон “Манас жөнүндөгү дастан” 2011-жылдын август айынан тарта Ош облустук “Уш садоси” гезитине сандан санга басылган.

Буга чейин “Манасты” Өзбек эл жазуучусу Миртемир 1964-жылы Саякбай Каралаевдин вариантында өзбекчеге которгон. 1987-жылы Султан Акбарий аттуу акын Сагынбай Орозбак уулунун вариантын өзбекчелеген. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG