Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Акыйкатчы депутатты сотко берди


Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анвар Артыковду сотко берди. Бул тууралуу акыйкатчы бүгүн билдирди. Сотко кайрылганынын себебин өз кадыр-баркын коргоо ниети менен түшүндүрдү. Ошондой эле Турсунбек Акун Анвар Артыковго жана дагы бир "арнамысчы" депутат Бакыт Жетигеновго карата "Депутаттын этикасы" жөнүндөгү кодекске ылайык тиешелүү чара көрүлүшүн талап кылууда.

Акундун айтымында, депутат Артыков аны “Шизик….., башың иштебейт….. Келесоо экенсиң...” деди.

Депутат Анвар Артыковдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жыйында ал акыйкатчыны сын сөздү уга билүүгө чакырган, отчетун гезитке чыккан макалалардан алып түзүп койгону айтылган.

"Мен ага орусча "Мания величия - это шизофрения" деп айткам", - дейт Артыков.

27-апрелде акыйкатчы «Ар-Намыс» фракциясынын жыйынына катышкан. Депутаттар аны былтыркы жылдагы иши боюнча отчетко чакырышкан.

Турсунбек Акун "депутаттар ага карата биринен сала бири чабуул жасап, чагымчыл суроолорду беришти" деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG