Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Милиция Жеңиш күнүн майрамдайт


8-майда Бишкекте жана Ошто милиция кызматкерлери Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. "Милициянын акыйкат, таза иши - милициянын жана элдин жыргалына" деген ураан менен борбордук аянттарда салтанаттуу марштар, спорттук, көркөм чыгармачылык боюнча иш-чаралар өтөт. Атайын бөлүктөрдүн кызматкерлери менен кинологдор өз өнөрүн көрсөтөт. "Милиция балдардын көзү менен" деген темада асфальтка бор менен тартылган сүрөттөдүн сынагы да өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG