Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Азия банкы Кыргызстандагы жеке секторду колдойт


Азия өнүгүү банкы Кыргызстандагы жеке сектордун өнүгүшүн колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Манилде өткөн жолугушууда аталган банктын вице-президенти Лакшми Венкатачалам билдирди. Бул багытта эки тарапка тең пайдалуу боло турган кандай иш багыттар бар экенин аныктап алыш үчүн ал өзү жакын арада Бишкекке келээрин айтты. Жоомарт Оторбаев каржы секторунда, орто жана чакан бизнести колдоодо жана энергетика тармагында мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Азия өнүгүү банкы буга чейин да бир катар ири программаларды ишке ашырып, Кыргызстандын негизги донорлорунун бири болуп келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG