Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Жалал-Абадда «хизбутчу» делген аялдар кармалды


Жалал-Абадда «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка ылайык, 4-май күнү облустук милиция менен Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Шамалдуу-Сай шаарчасынын 40 жана 42 жаштагы тургундарын колго түшүрүшкөн. Алардын бири 2001-жылдан, дагы бири 2003-жылдан бери «хизбутчу» деген шек менен милициянын каттоосунда болгон. Таш-Көмүр шаардык сотунун санкциясы менен шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда диний кастыкты козутуучу 22 китеп, тогуз баракча жана аудио-видео каражаттар табылган.

«Учурда колго түшүрүлгөн материалдар экспертизага жөнөтүлдү. Эгер чын эле алар «Хизб-ут-Тахир» уюмуна тиешелүү деген тыянак чыгарылса, аялдар камалат. Жыйынтык келгиче, шектүүлөр үй камагында болот», - деди Сусунбаев

«Хизб-ут-Тахрир» Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын катарына кирет. Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Шамил Атаханов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстанда кооптуу делген сегиз диний уюм бар. Алардын эң кооптуусу “Хизб-ут Тахрир” болуп саналат. ((SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG