Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Орусияда Путин президенттик ишине расмий киришти


Премьерликтен кетип жаткан Владимир Путин бүгүн Маскөөдө үчүнчү жолу президенттик антын берди. Өкмөт башчылыгынан кетип жаткан Путин 2000-жылдан 2008ге чейин мамлекет башчысы болгон. Кремлдеги салтанатка 3 миңдей киши катышты. Президенттиктен кетип жаткан Дмитрий Медведев орусиялыктарды колдоосу үчүн ырахматын айтып, Путинди куттуктаду. Путин Медведевди өкмөт башчылыгына бекитет деп күтүлүүдө. Анын аралыгында полиция Путинге каршы эки жерде уруксатсыз нааразылык акциясына чыккан 120дай демонстрантты, анын ичинде оппозиция башчысы Борис Немцовду кармап кетти.


25 жаштагы тарыхчы Денис Иванов "Азаттыкка" мындай деди:

Биз нааразылык акциясын токтотпойбуз, анткени биздин бараар жерибиз жок. Орусия биздин өлкө, биз аны көздүн карегиндей көрөбүз, биздин бараар жерибиз жок.

Жекшембидеги нааразылык акцияларында полиция 400дөн ашык демонстрантты камакка алган.

XS
SM
MD
LG