Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Франциянын жаңы шайланган президенти Берлинге барат


Кечээки шайлоодо Николя Саркозини жеңип алган Франсуа Олланд алгачкы чет элдик саякатын Берлинден баштап, анда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен евроаймактагы карыз кризисин талкуулай тургандыгын бышыктады. Олланд Германия колдогон финансылык катаал чаралар боюнча келишимди кайра карап чыгууга нийеттенүүдө. Евробиримдиктин 25 мүчөсү кол койгон бул келишимди кетип жаткан президент, канцлер Меркелдин шериги Николя Саркози кызуу колдочу. Олланд кечээки экинчи айлампада добуштардын дээрлик 52 пайызын алып, 48 пайыз менен келген Саркозини жеңип алды. Ошону менен Францияда акыркы 17 жылда биринчи жолу социалист президент болду.

XS
SM
MD
LG