Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Казакстанда жез казуучулардын иш таштоосу мүдөөсүнө жетти


"КазакМыс" корпорациясынын жумушчулары ишкана алардын талаптарын аткарууга макул болгондон кийин жумуш орундарына кайтышты. Жума күнү ондогон жумушчулар айлыктарын эки эсеге көтөрүүнү талап кылып, шахталарына бекинип алышкан эле. Жекшембиде дагы жүздөгөн жумушчулар иш таштоо ниетин жарыялашкан. "КазакМыстын" өкүлдөрү бүгүн алардын бардык талаптарын аткарууга макул болушту. "КазакМыс" Казакстандын жез чыгаруучу эң ири ишканасы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG