Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Баткенде сел мазарды каптады


Баткен районунун Кара-Бак айылдык аймагындагы Достук айылында 6-майда кечинде катуу жааган жамгырдан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Айылдагы мазарды сел жууп кетүү коркунучу пайда болгону айтылууда. Беш турак үйдүн чарбагын суу каптап, эки адамдын 20 гектар үлүш жерин шагыл басты. 120 метрлик ички арык жана Узун-Сай сел өтүүчү сайдын 220 метри кум-шагыл астында калды. Куткаруучулар беш үй-бүлөнү коопсуз жерге көчүргөнү жатышат. Адамдардын жабыркашы жөнүндө маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG