Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Жалал-Абадда насыя алгандардын митинги өттү


Бүгүн Жалал-Абад облустук бийлигинин алдында банктар менен чакан кредиттик топтордон берилген насыя акчалардын үстөк пайыздары жогору болуп жатканына нааразылар митингге чыгышты. 200дөй аял чогулду. Топтолгондордун
башчысы Жүзүмкан Чакиеванын билдиргенине караганда, алар насыянын акчасын төлөө мөөнөтүн бир жылга токтото турууну, үстөк пайыздарды 10дон ашырбоону, банктардын пайдасына алынган үйлөрдү ээлерине кайтарып
берүүнү жана банктардын зордук-зомбулугун токтотууну талап кылышты.

Митингчилер губернатордун орун басары К.Жакыпов баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн "маселени облустагы банктардын жана кредиттик чакан топтордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен облбийликтин кеңешме залында талкуулайлы" деген сунушуна макул болбой турушту жана нааразылык акциясы мөөнөтсүз экенин
билдиришти. Бирок андан кийинчерээк алар бийликтегилердин сунушуна көнүп, кеңешме залында келип сүйлөшүү өткөрүп жатканы маалым болду. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG