Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Түштүк облустарда төрөттөн каза тапкандар көп болууда


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында төрөт маалында каза тапкан аялдардын саны өстү. Өткөн жылдын ушул маалына карата беш аял төрөттөн көз жумса, быйыл тогузга жетти. Бул тууралуу аймактык үй-бүлөлүк дарыгелерлер тобунун эненин саламаттыгын коргоо боюнча координатору Айгүл Өмүралиева «Азыттыкка» билдирди.

Анын айтымында, үч аял Баткенде, алтоо Ошто каза болду.

«Үч аял дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан көз жумган жана аларга кылмыш иши козголгон. Калгандары өз ден-соолугуна кайдыгер карагандыктан болууда. Негизинен, турмуш-шарты оор үй-бүлөдөгү келиндер төрөт маалында өлүмгө дуушар болууда»,- деди Өмүралиева. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG