Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Франциянын жаңы президенти Обама менен жолугушат


Франциянын жаңы шайланган президенти Франсуа Олланд 18-май күнү АКШ президенти менен жолугушаарын анын жардамчысы Пьер Московиси билдирди. Эки тараптуу жолугушуу АКШда өтчү “Чоң сегиздиктин” жыйыны алдында болот. Олланддын жардамчысынын айтымында президенттер Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүнүн тартибин талкуулашат. Франсуа Олланд шайлоочуларына француз аскерлерин НАТО пландагандай эки жыл эмес, ушул жылдын аягында Ооганстандан чыгарып алаарына убада берген болчу.

XS
SM
MD
LG