Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Электр үчүн төлөбөгөн аткаминер карызынан кутула баштады


“Түндүкэлектр” ишканасына 141 миң сом карыз болгон Эсеп палатасынын кызматкери кечээ, 7-майда Бишкек электр бөлүштүрүү борборуна 90 миң сом төлөдү. Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган ишкананын маалымат катчысы Гуля Мураталиева тастыктады. Калган ири карызы бар адамдар азырынча төлөй элек.

4-майда “Энергосектордогу паракорчулукка каршы күрөшүү жолдору барбы?” деп аталган жыйында “Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев Кыргызстанда электр энергиясын пайдаланганы үчүн акы төлөбөгөн мамлекеттик кызматкерлердин ысымдарын атаган. Анын айтымында, электр үчүн акы төлөбөгөндөрдүн көбү УКМК, прокуратура жана Эсеп палатасынын кызматкерлери. (КЕ)

XS
SM
MD
LG