Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 21:27

“Ак тилек” өтмө бекети 15-майда ачылат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак жол” чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыш Дүйшеев кабарлады. Анын айтымында, кечээ 7-майда эки тарап тең “Ак тилек” өтмө бекетинен айрым унааларды өткөрүп, техникалык жагын текшерип көрүштү. Чек ара бекети 15-майда эки тараптуу ачылаары белгиленди.

Расмий Астана 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин кыргыз тараптагы чек арасын жаап, алты өтмө бекетин бекитип алган. Азыр Чүйдөгү “Ак жол” менен “Чалдабар” бекеттери гана ачык турат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG