Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

ТИМ: Карагандадагы кырсыкка айдоочу күнөөлүү болушу мүмкүн


Алдын ала маалымат боюнча, Карагандадагы ири автокырсыкка кыргызстандыктарды ташып бараткан унаанын айдоочусу уктап калганы себеп болгон .Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Руслан Маткеримов билдирди. Анын айтымында, кичи автобустун жүргүнчүлөрү Орусияга жөнөп бараткан.

Ушул түнү Казакстандын Караганда облусунда КамАЗ менен кичи автобус сүзүшүп, 16 адам мерт кетти. Кырсык Алматы - Екатеринбург унаа жолунда болгону айтылууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу да, ичиндеги жүргүнчүлөрү да Кыргызстандын жарандары. КамАЗдын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү ооруканада. (RK/BkA)

XS
SM
MD
LG