Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Өмүралиев: Автокырсыкта 16 кыргызстандык мерт кетти, дагы экөө ооруканада


Ушул түнү, саат бир менен экинин ортосунда Казакстандын аймагында ири жол кырсыгы катталып, 16 кыргызстандык мерт кетти. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин "Азаттыкка" айтымында, Караганда шаарында Алматы - Астана унаа жолунун 747-чакырымында Кыргызстандан бараткан кичи автобус кырсыкка учурады. Ичиндеги 18 кишинин 16сы, анын ичинде айдоочусу ошол жерден мерт кеткен. Дагы экөө Балхаштын ооруканасына жеткирилген, алардын абалы оор экени айтылууда.

"Биздин маалымат боюнча, кырсыкка кабылгандардын баары жолго Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан чыгышкан экен. Орусияны көздөй кетип баратышыптыр", - дейт элчи.

Айрым маалыматтар боюнча, кыргызстандыктарды ташып бараткан кичи автобус КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Кырсыкка кичи автобустун айдоочусу уктап кеткени себеп болду деген алдын ала маалымат бар. КамАЗдын айдоочусу жана анын бир жүргүнчүсү ооруканада деп айтылууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG