Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

9-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
8-14-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
9-майда айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт, Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 19..24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...14, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9 градус, күндүз 16...21
Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 17..22,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 15...20,
Тоолордо түнкүсүн -4...-9, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.

XS
SM
MD
LG