Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

АКШ кыргыз чек арачыларына алты объект куруп берет


Кошмо Штаттар Кыргызстандын Чек ара кызматынын инфраструктарасына жардам берүүнү чечти. Америкалыктар алты объект куруп беришет. Бирок алардын катарында Баткенде куруусу болжонгон машыгуу борбору жок. Кошмо Штаттар Кыргызстандын Коргоо министрлигине жана Чек ара кызматына мурдатан бери эле жардамын берип келет. Маселен, АКШнын жардамы менен Токмокто, Кой-Ташта аскерлерге арналган бир катар объекттер курулган.

Эми америкалыктар чек арачыларга казарма, чек ара бекеттерин курууну моюнуна алып жатышат. Ал курулуштардын арасында Чек ара кызматынын регионалдык штабынын имараты да бар.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жооптуу кызматкери Кристиан Райт "Азаттыкка" бул курулуштар боюнча маалыматты тастыктап, бирок курула турган объекттерде америкалыктар болбой турганын айтты. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG