Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Кыргыз акыйкатчысы: Москвада адам укугу бузулду


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Москвада өткөн митингдин катышуучуларынын укугу бузулду деп эсептейт. Буга байланыштуу ал Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукинге кайрылып, адам укугунун бузулушу боюнча ар бир факт кылдат териштирилсе деген үмүтүн айтты.

6-майда Владимир Путиндин Кремлге кайтып келишине нааразылар ири митингге чыгышкан. Алардын айрымдарын полиция кармап кеткен. Митингчилерге карата күч колдонулганы айтылууда.

Лукин өзү митингчилердин камалышын "полициянын талабына моюн сунбай койгон адамдардын чагымчыл аракети" деп атаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG