Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Интерпол Ирактын вице-президентин камоого буйрук берди


Тарик ал-Хашеми.

Тарик ал-Хашеми.

Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан бул уюмдун билдиргенине караганда, ал Ирак бийликтеринин өтүнүчү боюнча качып жүргөн Тарик ал-Хашемини камоого буйрукту кызыл эскертүү менен чыгарды. Бул издөө салынган адам өзгөчө оор кылмышка барган дегенди туюндурат.

Хашемини камоого Ирактын өзүнүн бийликтери былтыр декабрда буйрук берген.
Багдаддын соту аны бир нече жансакчысы менен бирге Ирактын алты судьясын жана расмий өкүлдөрүн өлтүргөн деп айыптап, сыртынан кескен.

Ирактагы сунни азчылыгынын өкүлү болгон вице-президент ага коюлган айыптардын саясий жүйөсү жана өмүрүнө коркунуч бар болгонун билдирген.

Ал Багдаддан оболу Ирактын Күрд автоном аймагына качкан. Азыр, маалыматтарга караганда, Түркияда. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG