Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Жалал-Абадда кайрымдуулук акциялары өтүүдө


Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына карата Жалал-Абадда кайрымдуулуктун бир айлыгы өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык мэриянын басма сөз катчысы Мейманбү Акжолова билдирди. Иш-чаранын алкагында шаардагы ар бир мекеме, ишканалар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, оорукта кызмат өтөгөндөргө жардам берүү милдеттендирилди.

«Бирок мынча сомдон бересиңер же кымбат баалуу белек тартуулайсыңар деген талап жок. Ар ким колунан келген жардамын берет. Бир ай бою мектептерде, жогорку жана орто окуу жайларында жеңишке арналган ачык сааттар, жолугушуулар уюштурулат»,- дейт Акжолова.

Жалал-Абад шаарында учурда 64 согуштун ардагери бар. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG