Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Баткенде мунайдын жаңы кору табылды


Бүгүн (8-майда) Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кытайлык компания Баткен облусунун Бүргөндү аймагынан жаңы мунай корун тапканын жарыя кылды. Кыргызстанда катталган кытайлык “Чжуннен” компаниясы 2007-жылы Баткен облусундагы Бүргөндү аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган.

Компаниянын деректири Ту Синвандын айтымында, чалгындоо иштериндеги алгачкы ийгиликтер көрүнө баштады. Буга чейин 11 миллион доллар каражат жумшаган. Компания келечекте жүздөн ашуун мунай кудуктарын орнотуп, жылына 10 миңдеген тонна кара май алыбыз деп ишендирүүдө. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG