Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Клинтон: Пакистан террорго каршы күрөштү күчөтүш керек


Хиллари Клинтон Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен. Нью-Дели, 7-май, 2012-жыл.

Хиллари Клинтон Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен. Нью-Дели, 7-май, 2012-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул тууралуу кабарчыларга бүгүн Пакистандын коңшусу Индиядагы эки күндүк сапарын аяктап жатып билдирди:

- Биз Пакистандын өкмөтү көбүрөөк иштерге барат деп үмүттөнөбүз. Ал өлкөнүн аймагы кайсыл жакта болбосун, ага катар Пакистан аймагында террордук чабуулдарды жасоодо плацдарм катары колдонулбашына ишендириши абзел.

Мамлекеттик катчы мындан эки күн мурда Пакистан “Лашкар-е-Тайба” тобунун негиздөөчүсү Хафиз Саидке карата чара көрүүсү керектигин айткан эле.

Вашингтон Саиддин башы үчүн он миллион доллар сыйлык жарыялаган. Ал жетекчилик кылган “Лашкар-е-Тайба” тобун коңшу Индия 2008-жылы Мумбай шаарында 165 кишинин өмүрүн алган террордук чабуулдар үчүн айыптаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG