Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Мамлекеттик Дума Медведевди өкмөт башчылыкка бекитти


Бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы үстөмдүк кылган Мамлекеттик думадагы бүгүнкү добуш берүүдө мурдагы президенттин талапкерлигин 299 депутат колдоду, 144ү каршы болду.

Дмитрий Медведевдин премьер-министрликке бекиши менен кечээ президенттин кызматына киришкен Владмир Путин экөөсүнүн орун алмашуусу аяктады.

Путиндин инагурациясына тушташ кечээ нааразылык акциясына чыккан бир нече жүз демонстрант түндү Кремль дубалдарынан бир чакырымдай аралыкта өткөрүштү.

Бул акциянын эки лидери: таанымал блоггер Алексей Навальный менен солчул активист Сергей Удальцовду полиция кармап, бүгүн кайра бошотту. (UE)

XS
SM
MD
LG