Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Сүлүктүдө бир бала сууга чөгүп кетти


Баткендин Сүлүктү шаарында бир бала сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, 8-майда саат 21:55 чамасында Кенжебаев көчөсүндө жаандан топтолгон көлчөк сууга 2005-жылы туулган Жумабаев Бекболот кокустуктан тайып түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, баланын сөөгүн таап милицияга өткөрүп беришти. Сүлүктү шаарында көмүр казып алуу үчүн казылган чуңкур жерлер бар экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG