Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 23:22

Коогада жабыркаган ишкер аялдардын абалы изилденди


Июн коогасында жабыркаган ишкер аялдардын абалы боюнча изилдөө аяктады. Анын жыйынтыгы Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында өтө турган атайын жолугушууларда талкууланат. Аларга жабыркаган аялдар, бейөкмөт уюм жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрү чакырылган. Аялдардын негизги көйгөйлөрүн аныкталып, аларга жардам берүү жолдору талкууланат. Иш-чара БУУнун колдоосу менен уюштурулууда. 2010-жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжалда миңдеген бизнесмендер жабыркаган. Алардын арасында аялдар да көп. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG