Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Бучук алтын кенинде иш убактылуу токтотулду


8-майда Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Нарындагы Бучук кенинде геологиялык иштерди жүргүзүп жаткан Jhoning ji Mining compani ишканасына атайын комиссиянын корутундусуна чейин геологиялык ишти убактылуу токтото туруу катын жиберди. Буга “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук уюмунун кытайлык инвесторлор экологиялык мыйзамдарды сактабай жатат деген кайрылуусу себеп болгон.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Учкун Ташпаев 16-февралда Нарын облусунан Солтон-Сары кени боюнча даттанып келген өкүлдөрдү кабыл алган. Теңиртоолуктар анда иштеп жаткан кытайлык компаниянын лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Солтон-Сары кени “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын карамагында турат, ал эми кендин бир бөлүгү болгон Бучук алтын кени мындан төрт жыл мурун кытайлык ишкерлерге берилген.

Былтыр августта Нарындын Эмгекчил айылынын үч жүздөй тургуну кытайлык компанияга нааразыланып ишканадагы үч милицияны жана үч жумушчуну токмоктоп салышкан болчу. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG