Орусия жана мурдагы советтик республикалар бүгүн Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 67-жылдыгын белгилеп жатышат. Бүгүн Москвадагы Кызыл аянтта ири аскерий парад өттү. Улуу жеңиш күнүнө арналган парадга 14 миңдей аскер катышты, 100 аскерий техника чыкты, асманда желек желбиреткен Ми-8 үлгүсүндөгү беш тик учак учуп жүрдү.
Парадга миңдеген адамдар менен кошо согуш ардагерлери, жаңы эле ишине киришкен президент Владимир Путин, премьер-министр Дмитрий Медведев да катышты.
Жеңиш параддары бүгүн Орусиянын көптөгөн ири шарларында жана постсоветтик башка республикаларда да өттү.