Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Польшанын президенти Украинада саясатчыларды өкмөттөгү чечимдери үчүн соттоону токтотууга чакырды


Польшанын президенти Бронислав Коморовски Украинада саясатчыларды өкмөттө иштеген учурда кабыл алган чечимдери үчүн соттоого жол берген мыйзамдардан арылууга үндөдү. Коморовски андай мыйзамдарды “мурдагынын калдыгы” катары атады.

Бүгүнкү билдирүүсүндө ал келерки айда Украинада өтүшү күтүлүп жаткан “Евро 2012” футбол чемпионатына бойкот жарыялоого каршы экенин да билдирди. Буга чейин бир топ европалык лидерлер мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун түрмөдөгү абалына камтамачылык билдирип, чемпионатка барбай тургандыктарын жарыялашкан эле.

Польша бул ирет чемпионатты Украина менен биргеликте өткөрүүдө. Коморовскинин айтымында, “саясий проблемалар Польша-Украина ортосундагы спорттук мелдештерге терс таасирин тийгизбеши керек”.

Ал арада өкмөттү жетектеп турган чакта өлкөгө зыянга турган келишимдерге кол койгон деп 7 жылга түрмөгө кесилген Ю.Тимошенкону бүгүн Харьковдогу түрмөдөн жергиликтүү ооруканага көчүрүшкөн. Догдурлардын айтымында, үч апта мурда ачкачылык жарыялаган Тимошенко бул нааразылык чарасынан дале кайта элек.

XS
SM
MD
LG