Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Исаков: Токмокто милиция кармалгандарды катуу сабады


Чүйдүн Токмок шаарында милиционерлер кармалган балдарды катуу сабап, токмок жеген экөө республикалык госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш депутаты Эсенгул Исаков билдирди. Анын айтымында, окуя 8-майдан 9уна караган түнү болгон.

"Народный" дүкөнүнүн жанынан кармап кеткен балдарды ички иштер бөлүмүнө алып барып тогуз милиционер бирден сабап чыгыптыр. Сабалгандардын ата-энелери мага кайрылып жардам сурап жатышат", - деди Исаков.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Жусубалиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Чыңгыз Майрыков жана Анвар Солтоев деген жигиттер кармалганы чын. Алар унаа жолдо жүрүү эрежесин бузгандыктан милиция тарабынан кармалган. Тартип коргоо органынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Окуя боюнча экспертиза жүрүп жатат.

"Алардын жакындары балдарын ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери сабады деп бизге арызданышты. Текшере баштадык. Жыйынтыгына жараша эгерде милиционерлер күнөөлүү болсо мыйзам чегинде жооп берет", - деди Жусубалиев. (RK)

XS
SM
MD
LG