Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Осмоналиев: Бала бакча имараттарынын 70-80% диний уюмдарга өтүп кеткен


Бишкекте бала бакча деп курулган имараттардын дээрлик 70-80 пайызы ар кандай диний уюмдарга берилип кеткен. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.

"Анын ичинде христиан багытындагы диний уюмдарга берилген. Алар профилин өзгөртүп, бекер алып, шаардын чок ортосундагы баардык бала бакчаларды ээлеп алышкан", - дейт депутат.

Каныбек Осмоналиевдин айтымында, бала бакча деп салынган имаратттарды кайра кайтарып берүү боюнча өкмөттүн токтому жакында чыккан, бирок ал аткарылбай жатат.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошеванын айтымында, бул маселе боюнча учурда атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия иштеп жатат. Ошонун чечимине жараша иш жасалат. Молдошеванын билдиргенине караганда, эгемедүүлүк жылдары өлкөдө миңдей бала бакча менчиктештирилип кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG