Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Жогору Кеңеш автокырсыкта мерт кеткендерди эскерди


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны 8-майда Казакстанда автокырсыкта мерт кеткен жарандарды эскерүү минутасынан башталды.

Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттардын атынан каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтты. «Биз мекендештерибиздин Казакстандын Караганда облусунда жол кырсыгынан каза болгондугу тууралуу кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдык. Каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз», - деди Жээнбеков.

Айрым депутаттар өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө парламенттин атынан акчалай жардам берүү сунушун айтышты. Төрага мындай жардам сөзсүз болоорун айтты.

Өкмөт ар бир мерт кеткен жаранга деп 50 миң сомдой бөлүп бермей болууда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсыгында мерт кеткендердин 15и Кыргызстандын, бирөө Орусиянын жараны. Баары жолго Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы бир айылдан чогуу чыгып Орусияга иштегени баратышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG