Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Назарбаев: Кыргыз-казак куру сөздөн ишке өтөлү


Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн куру сөздөн ишке өтчү мезгил келди. Бул тууралуу бүгүн Астанада кыргыз президенти менен жолугушууда казак мамлекетинин башчысы Нурсултан Назарбаев билдирди.

"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асановдун Астанадан билдиргенине караганда, кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү казак президентинин Ак-Ордосунда өтүп жатат. Алгач эки президент өзүнчө сүйлөштү. Ушул тапта кеңейтилген форматта, министрлердин катышуусу менен талкуу жүрүп жатат.

Казак президенти кыргыз бийлигинин жаңы багытын колдоорун айтты. 2010-жылдагы окуялардан бери Кыргызстанга жалпысынын 30 миллион долларлык жардам көрсөткөнүн, бул сыяктуу жардам мындан ары да уланаарын билдирди.

Атамбаев Назарбаевдин чакыруусу боюнча Астанага эки күндүк расмий сапар менен бүгүн барды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG