Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Сириядагы жардыруудан 40 киши өлүп, 170и жаракат алды


10-майдагы жардыруулардан кийинки көрүнүш.
10-майдагы жардыруулардан кийинки көрүнүш.
Мамлекеттик сыналгы бүгүн эртең менен борбор Дамаскта болгон кош жардырууну “террордук чабуул” деп мүнөздөдү. Андан соңку маалыматтарга караганда, кеминде 40 киши өлүп, 170 адам жаракат алды.

Кабарларга караганда, жардыруулардын кеминде бири Сириянын аскерий чалгын кызматынын базасына багытталган. Чабуул үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

БУУнун Сириядагы байкоочулар миссиясынын башчысы, генерал-майор Роберт Муд бүгүнкү чабуулдарды айыптады жана Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен оппозициячыл топторун колдогондор ортосундагы кыянатчылыктарды токтотууда жардам көрсөтүүгө өлкө ичиндеги жана сыртындагы тараптардын баарын чакырды.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталганына 14 айга аяк басып калды. (UE)

XS
SM
MD
LG