Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

Кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү тартиби боюнча жаңы келишим түзүлөт


Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев Астанада кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдирди. Казак президентинин айтымында, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бул маселе боюнча келишимди даярдап, ага кол коюу жагы тапшырылды.

-Биз Кыргызстандын жарандары Казакстанда беш күндөн ичинде катталуу менен токсон күнгө чейин жүрө алуусун саясий деңгээлде макулдаштык.

Учурда кыргызстандыктар Казакстан аймагында катталгандан кийин отуз күнгө чейин гана боло алышат. Казакстан менен бул мөөнөттү 90 күнгө чейин узартуу маселеси макулдашылганы 22-февралда Астанада премьер-министр Өмүрбек Бабанов Нурсултан Назарбаев менен жолукканда да айтылган.

Бейшемби күнү Казакстанга Алмазбек Атамбаев эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул - анын коңшу өлкөгө президент катары алгачкы сапары. (UE)

XS
SM
MD
LG